Гүлнур Сатылганова, Айар Сүйүү күчү
00:03:51
Жүктөлгөн: 21-09-2015
03:51
3.52 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (12)
Maksat94
2015-09-21 22:18:41
Арзышып айтсан эмине эмине ай Айылына келсем жок болсон. деген ырды табып беринизтерчи админ и колдонучулар
0
admin_media
2015-09-22 16:11:33
Maksat94,
Саламатсызбы! Кыял Батырканова "Таарындым сага бул ирет" www.super.kg/media/audio/99145/
0
akzuura
2015-09-21 22:59:20
үнүңүз булбул жакшы ырдапсыз ийгилик!
0
Lachokgz
2015-09-22 08:57:33
Аябай сонун чыгыптыр
0
kaniet
2015-09-22 09:31:43
Суперинфо, мага срочно азыр Кыргыз тил Гимни керек болуп жатат, жүктөй аласыздарбы, алдын ала рахмат!
0
admin_media
2015-09-22 16:02:24
kaniet,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
marmilantka
2015-09-22 15:21:42
Kaniet елдик аудиодон Кыргыз Республикасынын гимни деп изден ошол жактан таба аласын
0
marmilantka
2015-09-22 15:22:29
Ой кыргыз тил гимни беле
0
xake95
2015-10-07 04:55:29
Соонун ырго
0
Aselim
2015-10-12 10:13:10
Азаматсыз Гулнур эже!!! Уккум эле келет ырларынызды
0
naryn94
2015-10-24 00:29:05
Чак тушто тушкон чагылганда ырдаган ырын жуктоп коёсуздарбы
+1
www.muratbekov95.kg
2015-11-06 16:14:31
кун достор деген ыры менен Чак тушто тушкон чагылган деген кинодогу ырын кошуп койгулачы суранам
0
Гүлнур Сатылганова , Айар "Сүйүү күчү"
Сөзү : Медер Осмоналиевдики
Обону : Эркин Мээркановдуку
Кыйыры көрүнбөс кыйын жолдо,
Бактыңды бербессиң алсыз колго.
Бал ширин өмүрдө жетсем дейсиң,
Кыялың жетпеген күлүк ойго.
Ой-кыял жетелеп учкан күндөргө,
Жашоону айлантса арзуу көлүнө.
Жаралап жүрөгүң кеткен болсо да,
Жагымдуу турбайбы биздин көңүлгө.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүңө барып конуп алса.

Тереңин көргөндө көздөрүңдүн,
Күчүнө ишендим сөздөрүңдүн.
Болду эми башкага коё бербейм,
Мейли сен миң ирет өзгөрүлгүн.
Колумдан учурбайм бакыттын кушун,
Ичтеги сезимди айттырбай түшүн.
Мейли сен миң ирет өзгөрүлсөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүңө барып конуп алса.

Мейли сен миң ирет өзгөрүлcөң да,
Мен сага далилдейм сүйүүмдүн күчүн.

Кайырма:

Көкүрөктөн чыккан жылуу сезим,
Жан дүйнөңдөн барып орун алса.
Башкаларга бергис махабатым,
Жүрөгүңө барып конуп алса.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан