Күтүүсүз сүйүү жаралып,
Күн сайын барам арбалып.
Секелек кызды жактырган,
Жүрөккө турам таң калып.
Кайырма:
Сен бир карап койсоң жүрөк эзилет,
"Байке" деген сөзүң "жаным" сезилет.
Жылуу сезим берген, эрке карындаш.
Сен менен бактым, келечегим көрүнөт.
Айырма бир топ эле жаш,
А бирок сендей табылбас.
"Байке" деп жүрөк эзбечи,
Сүйөмүн сени, карындаш.