Гүлнур Сатылганова Күн достор
00:03:23
Жүктөлгөн: 14-01-2016
03:23
5.42 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
Melis2014
2016-01-20 11:57:35
Супер инфо сураныч (сагынган жанмын сага окшоп)деген ырды табып бергилечи
0
Adi-95_95_95
2016-01-20 14:15:21
Melis2014, Айгул Чалова ырдайт бирок порталда жок
0
Melis2014
2016-01-20 17:32:35
Adi-95_95_95,рахмат супер инфодон тез жооп бергенине
0
admin_media
2016-01-20 17:56:57
Melis2014,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/?search_term=сагынган+жанмын&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
Гүлнур Сатылганова "Күн достор"
Сөзү : Кыялбек Урманбетов
Обону : Эркин Мээрканов
Жакшы дос өчкөн жанга от берет,
Жаныңды жан досуңа кош демек.
Жаркыбай жалаң гана майрамда,
Жабыкканда жарык берген дос керек.
Көрө албас, ич тардыкты жойгула,
Бөлүнбөй акыреттик болгула.
Сыр билги досуң тунук күзгүдөй,
Сынып калса келбес кайра ордуна.

Кайырма:
Сырды бек сактаган, сыртымдан сатпай,
Тунук бол көз жаштай, досторум менин.
Чыр сөздү айтпаган, чындыктан кайтпас,
Күн болгун батпаган досторум менин.

Сүйүнтүп тарта бербей сыйыңды,
Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды.
Күн достор силер менен бөлүшөм,
Бир тууганга билдирбеген сырымды.
Күлгүлө карегимден баш багып,
Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып.
Баарыңды күн достор деп атадым,
Бар да силер баскан жолум жапжарык.

Кайырма:

Дооруңда түркүн адам кабылат,
Дос изде, душман өзү табылат.
Ар убак нурун төксө күн достор,
Аз өмүрдө бүт армандан арыла.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан