Гүлжигит Сатыбеков Жакшы адамдар доско бай
00:04:35
Жүктөлгөн: 19-02-2016
04:35
7.34 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (49)
Adiletgo
2016-02-21 11:04:35
0о кучту-кучту байкебиз, созун жада калса обонун да тапкан, ийгилик сизге!
0
lion1992
2016-02-21 11:13:13
Эн сонун ийгилик
0
lirika
2016-02-21 16:25:54
Кош болгун ээх сададага!журокту эзип турган мундуу ыр м.н кошо конулдогу кусанын буугун токтумгоо ушул кундордо.
0
kirgizstan
2016-02-24 00:35:37
Жаны концертин качан жуктойсунор. Админ
0
admin_media
2016-02-24 10:24:40
kirgizstan,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт, сунушуңузга рахмат!
0
guljigit88
2016-02-28 08:17:56
+555555555
0
maksat.abdukaharov
2016-02-29 19:02:42
Эх соонунго, аябай жакты
0
Talant.K
2016-03-01 05:14:23
Дагы жаны ырларды кутобуз го Гулжигит браттан.
0
Uluk_Kalyev
2016-03-05 16:39:20
Эн жакшы ыр болуптур, чыныгы талант бар сизде мындан ары да ийгилик болоберсин чыгырманызда
0
kyrgyz.jigit.temirlan
2016-03-10 14:29:15
Эн сонун жана тушунуктуу,
0
magnat1013
2016-03-19 03:28:02
Супер!!!!
0
Manaskg.1
2016-04-14 23:21:11
Саламатсызбы супер.кг порталы мен сиздерден сураныч Кандай кылып чакырса болот тойго Гулжигит байкен. Алдын ала рахмат.
0
azamat2015
2016-04-27 00:58:07
Алдын ала рахмат айтат элем урматуу админ медиа казах кызга деген ырын жуктоп койгулачы сураныч
0
admin_media
2016-04-27 18:22:28
azamat2015,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз, сунушуңузга рахмат!
0
Kubanychbek1994
2016-07-02 17:14:01
Армандаа мен жалгыз калдым кайдасын сен суйгонум сени суйуп туболуко бактым бар деп ойлогооом корсо жаным адашыпмын жандай коргон жузундонбу министирдин кызынын музыкасында ырдалган .Урматту админ ушул ырды табышып коёосторбу ?
0
admin_media
2016-07-05 17:03:46
Kubanychbek1994,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз, рахмат!
0
Atlantic
2017-02-14 00:00:27
Соз жок сонун ыр болуптур. Ийгилик
0
Stal.muradilov
2017-10-01 13:14:54
Братан сизде чыныгы талант бар,ырлары да сөзү да өзүнүзгө таандык,ийгилик сизге,сиздин ырлар качан бир убакта кайра талашып ырдашат го жаш ырчылар ......
0
Гүлжигит Сатыбеков "Жакшы адамдар доско бай"
Сөзү : Г. Сатыбековдуку
Обону : Г. Сатыбековдуку
Эгер болсо таарыныч,
Не кыласың таарынып?
Өткөн өттү кел, досум,
Келечекке кам уруп,
Жайнамазга баш уруп.

Жакшы адамдар доско бай,
Көңүл сүйгөн достор бар.
Бири-бириңди чансаң да,
Тарых чанбас жолдор бар.
Гүл өстүрүп көңүлгө,
Не бир сонун сөздөр бар.
Өз апаңдай тиктеген,
Мээрим толгон көздөр бар.

Жакшылыктар көп болуп,
Кудай көзү түз болуп.
Жүрөйүнчү түбөлүк
Досторума дос болуп,
Бактылуулук коштолуп.

Жакшы адамдар доско бай,
Аке-үкө достор бар.
Жакшы күндөр көп болот,
Бизди күткөн тойлор бар.
Бал тамызып көңүлгө,
Не бир ширин сөздөр бар,
Наристедей тиктеген,
Таза, тунук көздөр бар.

Кандай адам доско бай,
Жүрөгү от шоктор бар.
Беш маал намаз окуган,
Ыйман толгон достор бар.
Нур тамызып жүрөккө,
Не бир хадис кептер бар.
Досту досум деп билип,
Кадырына жеткен бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан