Азаматсыз Добр байке ишиңизге ийгилик дагы да сонун ырларыңызды күтөмүн.
+1
nusuretillaKG
2016-03-19 19:58:30
Жакшы
+1
aminali
2016-03-19 21:11:13
Сонун,сонун жана Сонун!!!
+1
dastan_nookat
2016-03-19 23:51:44
Мына сага жакшы ырдашкан
+1
Rasul_Rahmanaliev
2016-03-20 16:55:46
+5!!Азаматсынар!
0
aikakg
2016-03-21 06:01:53
Саламатсынарбы!!!супер инфо силерден сураныч:Себелесе жазгы жамгырлар арасында менин жашым бар,ал анткени аппак суйуумдон ажыратып койду адамдар..ушул ырды ким ырдайт айтып койгулачы сураныч
0
admin_media
2016-03-22 11:11:04
aikakg,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Ырдын атын же аткаруучусун жазып коюуну сунуштайбыз, рахмат!
0
Adi.Avazbekov
2016-03-21 08:10:04
Jakshy jakshy jakshyy
0
Kgstar96
2016-03-21 10:25:06
Укса болот окшойт
0
take04
2016-03-22 07:20:31
Админ сураныч Нурлан насиптин аралаба ырынын жаны вариантын жуктоп койгулачы
Сенсиз өткөн күндөрүм мен үчүн жарыгы жок,
Сезилет сен жок болсоң жүрөгүмдүн жарымы жок.
Себебин айтчы жаным жазаладың жазыгы жок,
Калдым го гүлдөй соолуп күн тийбеген азыгы жок.
Сен дагы мени сагындыңбы деги айтчы?
Жаралуу жүрөгүмдүн ачуусун бир жазчы.
Дүйнөдө сени мендей сүйгөн бир адам барбы?
Сен деле мени сүйгөндөй сүйбөйсүң эч бир жанды.
Башталып, аягына жетпей калган кайран сүйүү.
Дале угулат кулагыма сүйөм деген сөздөрүң.
Алыстасың, жаным эстедиңби өткөн күндү?
А мен болсо сенден эч качан үзбөймүн үмүтүмдү.
Кечирчи ардагым, сени кармай албадым.
Ансыз деле ачуу сүйүүнүн азабын тартамын.
Жазчы же чалчы, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра кайтып келериңди.
Кайырма:
Сен дагы мени сагынганда,
Канатсыз учкуң келеби?
А мен өзүңдү сагынганда,
Жолуңду карай беремин.
Кусалык жүрөгүмө толуп,
Ансайын сүйүп өзүңдү.
Үнүңдү жылажындай тунук,
Эстеймин жылуу сөзүңдү.
Эмнегедир жакшы көргөн гүлдөрүңдү ала берем,
Гүлдөрүм терезеде кургап дайым кала берет.
Экөөбүз жакшы көргөн жерлерге бара берем,
Элесиң эстеп алып ырларымды жаза берем.
Сен болдуң менин түгөнбөгөн ыр булагым жаным.
Кайрылып келсең айтып берем арманымдын баарын.
Жазып же чалып койчу, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра мага келериңди.
Кайырма:
Сенсиз өткөн күндөрүм мен үчүн жарыгы жок,
Сезилет сен жок болсоң жүрөгүмдүн жарымы жок.
Жазчы же чалчы, айтып койчу дарегиңди.
Ишенип мен күтөйүн кайра кайтып келериңди.