Гүлнур Сатылганова, Адилет Азимов Болсочу
00:04:43
Жүктөлгөн: 22-04-2016
04:43
4.31 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
admin_media
2016-04-26 14:35:02
Maripa,
1. Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
2. Сунушуңузду эске алабыз.
0
Akzholtoi
2016-05-01 13:31:08
Мен куткон ыр!
+2
BarsBaatyr
2016-06-12 05:53:32
Сооонун ыр экен
+1
Гүлнур Сатылганова , Адилет Азимов "Болсочу"
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Зымырап артты карабай,
Убакыт учат саналбай.
Орчундуу сырлар курчашып,
Оюмду турам чече албай.

Кайырма:
Жашоодо жаман нерсе болбосочу,
Дүйнөдө жалаң жакшы орносочу.
Ай-ий, оорубас адам болсочу,
Ай-ий, жаңылбас пенде болсочу.

Бирине бирин өч кылган,
Болбосо уруш-жалгандан.
Адамды жаман ат кылган,
Арам жок болсо ааламда.

Кайырма:

Агына кара ширелген,
Сырлардан жашоо тигилген.
Жетишип баары турса да,
Баары бир дүйнө бири кем.
Аи-ий, тараза дүйнө бири кем

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан