Гүлнур Сатылганова Мекеним Кыргызстан
00:03:55
Жүктөлгөн: 22-08-2017
03:55
6.28 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (5)
Rasul94
2017-08-22 20:02:48
эн жакшы маанилуу ыр болуптур.бар болунуз эже
0
iman34
2017-08-25 00:24:23
Чооон рахмат админ бар болунуз!!!

Чындыгында озгочо чыгарма болуптур
0
Dary2
2017-10-13 16:06:02
Загрузите пожалуйста песню "А мен кааларым"
со словами. Заранее спасибо!
0
Batukhan2012
2018-01-17 15:27:09
Сөзүн жазган Гүлмира Рысбаевага обон берген Мирлан Абдраевге и мыкты аткарган Гүлнур эжеге чоооң рахмат....
Сыймыктана уга турган ыр болуптур....
Сагындым сени мекеним Кыргызстан!
Текстин да жүктөп коюңуздарчы...
0
Zotova
2019-10-25 12:37:04
Минусун таппай жатам, жок окшойт э?☹️
0
Гүлнур Сатылганова "Мекеним Кыргызстан"
Сөзү : Гүлмира Рысбаева
Обону : Мирлан Абдраев
Көркөмдүү кенен төрү бар,
Берметтей тунук көлү бар.
Таңшыган тоодо булбулдай,
Талантты сүйгөн эли бар.
Ырыскы берген ченебей,
Кылымга жетер кени бар.
Ала-Тоо менен курчалган,
Керилип жаткан жери бар.

Дайрасы туйлап шар аккан,
Жарыгын суудан жараткан.
Мөмөсү таттуу дүйнөдө,
Гүлүнөн дагы бал аккан.
Жеримдин көркөм дастанын,
Акындар мактап жазганын.
Жарыя салып ырдашсын,
Жалындуу уул-кыздарың.

Кайырма:
Аталар бизге калтырган,
Аздектеп жүрүп сан жылдан.
Азаттык орноп мекенге,
Комуздун күүсү жаңырган.
Кымбатсың бизге баарынан,
Мекеним Кыргызстан.

Балалык күнүм өткөн жер,
Бакытка колум жеткен жер.
Өмүрдүн таттуу күндөрүн,
Өзүңдөн алдым өскөн жер.
Залкарлар күүсүн черткен жер,
Даткалар басып өткөн жер,
Тарыхы берип таасирин,
Таланттуу жаштар өскөн жер.

Кайырма:

Улуулар бизге калтырган,
Урпагы сүйүп жактырган.
Кымбатым ыйык мекеним,
Жазылсын атың алтындан.
Аталар бизге калтырган,
Аздектеп жүрүп сан жылдан.
Азаттык орноп мекенге,
Комуздун күүсү жаңырган.
Кымбатсың бизге баарынан,
Мекеним Кыргызстан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан