Гүлнур Сатылганова Ак көгүчкөн (New version)
00:04:13
Жүктөлгөн: 11-05-2018
04:13
3.87 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
zzzzzzzzzz
2018-05-14 13:44:16
Соонун болуптур
0
AzKumFerDan
2018-05-25 23:49:49
Сонун
0
AzKumFerDan
2019-10-02 04:39:30
Гулнур эже Бир суроо бар эле ...сизди угуп жатам мусульман эмес деп Батпист дейт ко .кечирип койунуз отунуч жалган эле болсун..
0
cholpon119966
2020-11-05 20:24:22
Мен суйгон ыр, качан болсо деле уга берем.
0
Гүлнур Сатылганова "Ак көгүчкөн (New version)"
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Таң да атты, таалайым батып баратты,
Үмүт катты, үзүлүп көздөн жаш акты.
Болду го дейм, өзүмө суроо бере албай,
Козгой албай, кансырап турган жараатты.

Кайырма:

Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?

Арман кылар айтылбай, балким, сыр калар,
Унутулар ырдалбай, балким, көп ырлар.
Ак көгүчкөн, сен дагы жалгыз, мен жалгыз,
Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар.

Кайырма:

Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?

Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм,
Мен өкүнбөйм, чайпалып көлдөй төгүлбөйм.
Мен жанамын, күндүзү күндөй, түнү айдай,
Булуттардай, бир көрүнүп, бир көрүнбөйм.

Кайырма:

Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан