Тарых беттен чийилгиc,
Кас душманга ийилгис.
Баскан жолун изилдесең,
Эч бир улут теңелгис.
Башка кийген ак калпак,
Колдо суусундук чалап.
Ал жактырган бир тамак,
Ал тамак минтип аталат.
Үрп адат, каада салт,
Бабалардан аманат.
Ак калпактуу, Ала Тоолук,
Кыргыз кымыз жыттанат.
Меймандос, жери кооз,
Дастаркону ачат ооз.
Ак серке, боорсок, куймак,
Этке бай, камыр тамак.