Күн болуп күлүп турсаң,
Каректен нур бөлүнүп.
Жан дүйнөм балкып, эрийт,
Жүрөктөн ыр төгүлүп.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?
Күн болуп тийип турчу,
Мээримиң төгүп мага.
Жаштыгым өтсө мейли,
Өзүң деп күйүп-жанам.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?