Өмүр!
Өтпөш керек өкүнүчтө өмүр.
Өмүр!
Өчпөш керек үмүт нуру өмүр.
Кандай жаман каректен жаш аккан. Арман.
Энелерди аза күтүү баскан. Арман. Оой арман.
----
Агат!
Аянычтуу көздөн жашым агат.
Азап!
Таштандыдай жан ташталса азап.
Айыкпаган жан-дүйнөмдө арман.
Өтүп бул күн бүтөт дүйнөң жалган. Жазган.
-------
Жашоо кандай сонун белек!
Жашап үйрөнөлү демек!
Жашоо ырахаттуу белек!
Аткарылса аруу тилек!
------
Жашоо кандай сонун белек!
Баалап баркын билсек демек!
Жашоо кандай сонун белек!
Жашап сүйүп аны билсек!
-------
Үмүт!
Үзүлбөгөн өчпөс жарык үмүт.
Үмүт!
Туңгуюктан алып чыгат үмүт!
Кандай жакшы көзүнөн нур чакчкан, жылмайсаң!
Кучагында кубаныч гүл ачкан