Асель Кадырбекова Жазгы жамгыр
00:03:19
Жүктөлгөн: 04-06-2020
03:19
3.05 Мб
Жанр:
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
Dj_Maksat
2020-06-04 22:36:15
Ен сонун ийгилик
0
Birimdik5555
2020-06-05 22:27:01
+++
0
erbol1998kg
2020-06-28 17:11:42
Ойгон Асель #жашаАсель
0
Асель Кадырбекова "Жазгы жамгыр"
Жаз жамгыры жаайт экилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Тереземди улам черткилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Теребел да жашыл түстүү,
Бүгүн сулуу өзгөчө.
Толкунданат жаш жүрөгүм,
Сени гана көздөгөн.

Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңдү,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.

Жамгыр мага күүсүн энчилеп,
Тахти-тахти-тах-тах.
Бул заманда сүйүүм кечигет
Тахти-тахти-тах-тах.
Сагынычка батынамын,
Дале-дале сыздаймын.
Кайда жүрсөң, угаттыр деп,
Жамгыр ырын ырдаймын.

Кайырма:
Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай,
Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай.
Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө,
Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан