Баястан, Бегиш Качан кайтат
00:03:19
Жүктөлгөн: 22-06-2020
03:19
3.05 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Баястан , Бегиш "Качан кайтат"
Кыргыздар качан кайтат
Сен досум ойлонуп байка
Системада вирус жатат
Өзүңдөн баштап жууп чайка
Биринчиден аң сезимдер өзүн өзү саткан
Экинчиси алдап ,уурдап тапкан
Үчүнчүсү жалкоо үйдө жаткан
Төртүнчү үнөмдөп нанын каткан
Өз аялын өзү гөргө каткан
Кыргыз жашоосун тайган капкан
Тизеден элим сайга баткан
Саясии абалыбыз ылай баткак

Бизде жашоо гето
Райондордон жетөө
Сүйлөгөндө бирбиз дешет
Бөлүнгөндө экөө
Оштук айтат ака деп
Түндүк айтат байкее
Жараланган Кыргызстанды
Оңдойлучу бирге биз

Кайда жүрбө Кыргыз сак бол!
Баарын өлчөп,ченеп,так бол!
Барган жерде чатак бол!
Кандай кана сыноо болбосун,досум
Ар бир жерден дайым ак бол!
Өз Жашооңду каймак кыл
Келип тур айлап-жыл...
Турмушуңду аймап кыл!

Мен дагы сагынып турамын мекенимди
Барып жаткым келет төшөгүмө,эс алып кыйла...
Бирок иштеш керек келечекте уулдарыбыз өссүн,калбасын ыйлап
Бөлөк элдин арасында нанын иштеп жүрөт кыргызым айлап жылдап
Ата энесин көрөмүн деп
Үй-бүлөөсүн өбөмүн деп

Алыстарга учат канча деген кыргыз
Бакыттын кушун издеп
Кепилдик менен өнүгүү деген
Жок болсо эгер бизде
Кечирим сурайм сизден
Ачуу чындык сөздү тизсем
Жаңы муун келатат
Бар намызын менен Тизеден турабыз бил сен!

Бизде жашоо гето
Райондордон жетөө
Сүйлөгөндө бирбиз дешет
Бөлүнгөндө экөө
Оштук айтат ака деп
Түндүк айтат байкее
Жараланган Кыргызстанды
Оңдойлучу бирге биз

Сурабагын кимгебиз?
Билгин эми биргебиз
Жоонубузга желбиретип
Кызыл желек илгенбиз
Турмуш жолун мингенбиз
Мындан ары биргебиз
Түштүк менен түндүктүк эмес
Негизи Биз бир элбиз

Өз жумушун сүйгөн адам
өз жумушун сүйүүп кылсын
Таштасын чоң чоң кадам
Күн болуп күйүп турсун
Кырылгыз кыргыз кайтат
Эсине түйүп жүрсүн
Каткырган кыргыз Элин
Башкалар күлүп билсин!
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан