Бегиш Кызым
00:03:24
Жүктөлгөн: 01-07-2020
03:24
3.12 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Бегиш "Кызым"
Сөзү : Бегиштики
Обону : Култогоров Жандыкы
Мен уктап жатып сен жөнүндө ойлойм...
Алыс болсон ойлорумда ойнойм.
Жыттап-Жыттап жытына мен тойбойм,
Сүйөм сүйөм,эч бир сүйбөй койбойм.
Кызым менин жарыгым,
Күч кубатым азыгым.
Кагылайын казыгым,
Мөмөм менин жаз ырым.


Кызым менин жаратканым бергеним,
Кандай бакыт бул өмүргө келгениң.
Ийгиликтин туу чокусун жеңгени,
Апакеңдин тогуз айлык эмгеги.

Кубанычка чексиз бизди бөлөдүң,
Өз жанымдан артык сени көрөмүн.
Бул дүйнөдө тапканымдын баардыгын,
Төкпөй-чачпай өзүң менен бөлөмү

Чоң эне,чоң атаңды кубанттың,
Кызытып өчкөн чокту тутанттын.
Тай ата ,тай энеңди кубанттын,
Сүйүнтүп өмүрлөрүн узарттың.

Күлкүңө кумарланым болом алсыз,
Ыйманың жүрөгүңдө күйүп жансын.
Бул дүйнө толду шаңга жарык болуп,
Алып келдин берекени толо сансыз.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан