Максат Кыштобаев Жамгырдагы кусалык
00:04:06
Жүктөлгөн: 29-06-2021
04:06
3.77 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Максат Кыштобаев "Жамгырдагы кусалык"
Сөзү : Зайырбек Ажыматов
Обону : Элмирбек Иманалиев
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлүң бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы сенин кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?

Сооротор сөздү таба албай,
Солуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?

Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан