Сөзү : Эрлан Андашевдики
Обону : Эрлан Андашевдики
Ардагым, ай, асылым, ай,
Арбадың го жан дүйнөмдү бир далай.
Алсызмын, ай, аярым, ай,
Арманга салбачы жанды кыйнабай.
Кайра-кайра эстеп өткөн күндөрдү,
Карааныңа зар болуп турам, түшүнчү.
Көргүм келип сенин сүйүүгө толгон кара көзүңдү.
Кайырма:
Коё бербейм, мен сени эч кимге бербейм,
Жүрөгүңдү бир жалгыз өзүм ээлейм.
Экөөбүздүн сүйүүбүз түбөлүк болушун тилейм.
Адаштым, ай, жаңылдым, ай,
Чын бакыттын баркын сезбей калдым, ай.
Баарын эми түшүндүм, ай ,
Сендей жанды таба албаарым билдим, ай.
Кайра-кайра эстеп өткөн күндөрдү,
Карааныңа зар болуп турам, түшүнчү.
Көргүм келип сенин сүйүүгө толгон кара көзүңдү.