Добр Достор
00:03:33
Жүктөлгөн: 13-09-2022
03:33
3.26 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Добр "Достор"
Сөзү : Адилет Жортушев
Обону : Адилет Жортушев
Учугун сөздүн улап
чын достук мамиледен,
Айтамын ичте жаткан сырларымды анык эле,
Чыныгы досторумду унутпаймын эч убакта,
Өтсө да ортобуздан
далай жылдар дагы деле!
Достун дагы досу болот,
баардыгы билет аны,
Колуңда болгон кезде,
көбөйөт анын саны,
Белчеңден сазга батып, кыйналып калган кезде,
Кээ бири чилче тарайт таппайсың, бирин дагы,
Достун дагы досу болот,
чын дилинен сага күйгөн,
Доомат кылып догурунбай,
Дайыма чогу жүргөн,
Суук кышта, бирге тоңгон,
Ыссык жайда муздак болгон,
Чыныгы бул досторду табалбайсын узак жолдон,
Андыктан чын достуктун,
Убадасын бекем карма,
Ичи тар, арамзага карыш жолоп жакын барба,
Такап койсо сени жарга,
Кыла албай эч бир арга,
Таң калам досум деген, жасалма адамдарга,
Жамандын жолдошу көп, жанында бир пайдасы жок,
Акча үчүн дос болгон бар,
башка кылар айласы жок,
Досум деп баарын билбе,
четинен бирден ирге,
Жолобо эки жүздүү,
ичи тар арам кирге!

Кайырма:
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго,
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго,
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат,
Кайгырып чың дилиңден
аларга капа болбо!
Жаралсын ар убакта
намысын уятыңа,
Чындык деп чыркырасаң
күч беремин кубатыңа,
Чылбырды бекем карма,
Ооздукту бошотпогун,
Ардайым татыктуу бол, энчилүү бул атыңа!

2 куплет:
Бөлүнөт өз ич ара,
достор да далай топко,
Саны бар, сапатсызды
жолотпо жакын кошпо,
Аяба жардамынды
эң жакын досторуңдан,
Жакшылык кайра кайтат андан сен такыр коркпо,
Кээ бири четке чыгат
бөлүнүп өз тобунан,
Эч качан кол үзбөгүн
татыктуу досторуңдан,
Сезерсин баркын билип алыста жүргөнүңдө,
Эң жакын досторуңдун жоруктарын эстеп улам,
Билинет достун досу
башыңа иш түшкөндө,
Карайлап караан таппай кайсалап күн бүткөндө,
Билинет мына ошондо
кимдин чын ким экени,
Жардамга муктаж болуп
жол карап сен күткөндө,
Өткөрдүм өз башымдан
достун дагы далай түрүн,
Досмун деп саналгандардын көбү жок эми бүгүн,
Сакталып калдарада
саналуу гана достор,
Кеткендер кете берсин, болбоймун ага тоскоол!

Кайырма:
Чыныгы жакын досум таштабайт ара жолго,
Жыгылсаң эңип кетчү шамдагай кара жорго,
Жасалма калп досторум андайда четке чыгат,
Кайгырып чын дилиңден
аларга капа болбо!
Жаралсын ар убакта
намысын уятыңа,
Чындык деп чыркырасаң
күч беремин кубатыңа,
Чылбырды бекем карма
Ооздукту бошотпогун,
Ардайым татыктуу бол энчилүү бул атыңа!
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан