Мыктыбек Аширбай уулу «Кыргыз эл, алга!»
00:03:35
Жүктөлгөн: 03-05-2023
03:35
8.2 Мб
Жанр:
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (0)
Мыктыбек Аширбай уулу "«Кыргыз эл, алга!»"
Сөзү : Мыктыбек Аширбай уулу
Обону : Мыктыбек Аширбай уулу
Мен өзүмө талап коюп айтамын:
Мезгилиңдин учкулдугун байкагын.
​Күлүк болуп күлүп-жайнагын,
​Күндө жаңы үмүт байлагын.

​Кайратыңан жанбай,
​Катарыңан калбай,
​Талпына бер талбай,
​Бийик болгуча,
​Күчкө толгуча.

Билим менен жеңип,
Бийиктигин сезип,
Биригүүдө элим,
Кыргыз аскерин,
Алга сүрөгөн..

Жаштар дагы да,
Күйүп жалында,
Артка багынба,
Күчтүн барында.

Чеп бололу ар бирибиз жериме,
Желек болуп желбирейли элиме.
Жүрөгүндө таза нур жанган,
Аалым чыксын элин сүрөгөн,
Мекен жерге сүйүү артылып,
Даңкы калсын үмүт жандырган.

Алга сүрөй аракет күчөп
Талыкпай иштеп күнү-түн.
Алдыга койгон максатын сүйгөн
Гүлдөгөн келечек үчүн,
Гүлдөгөн мекен жер үчүн...

Оңдоп кетербиз,
Баарын жеңербиз,
Ынтымакта болуп жүрө берсек.
Жаштар жалындап.
Баарын жеңебиз,
Оңдоп кетебиз,
Ынтымакта болуп жүрө берсек.

Жаштар жалында,
Күчтүн барында.
Жаркын жашоого
Кыргыз эл алга!
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан