Добр
" "Жашоо OST/Аят4" "
Ассаламу Алейкум кош келдин бул жашоого
Орун алгын бошогон, аттадын чон босого
Жөрмөлөп бутка туруп, өз алды турмуш куруп
А балким Эл ичинен, сен чыгасын сурулуп
Тагдырын өз колунда, кыялынды орунда
Албетте кыйынчылык, болбой койбойт жолуңда
Күнөө койбо эчкимге, жарагын кечиргенге
Болоору болду эртен, көрөсүң чечилгенде
Кудайга шүгүр, тообо кылып көп налый бербе
Жүрөктө ыйман толо болсо бар сабыр деле
Ойлонуп көрсөң терен, колундан баары келет
Сен эмне башкалардан бир аз өзгөчө белең?Кучакты жайып кенен, күндө жылмаю керек
Эмне болоорун эртен, бир гана Кудай билет!Жардам берүү кайтар, дүйнө бул сооп дешет
Жакшылык сөзсүз кайтат, тагдырлар кесилишет!
Кайырма:
Жаралган соң жашоого анда татыктуу жаша
Чөйрөгө салым кошо, оз алына жараша
Жакшылыкта жарыша, сый урматты талаша
Ар адам жаңылышат, кайра кайталанбаса Жаралсын ар убакта, намысын уятына
Чындык деп чыркырасан күч беремин кубатына
Чылбырды бекем карма, ооздукту бошотпогун
Ар дайым татыктуу бол адамдык сапатына!
2 куплет:
Жашоо бул ак кара, айрым бир так калат
Аны кек сактаба, сабырың баркталат
Мээнетиң акталат, эмгегиң данкталат Кыялдар орундалат, жатпасаң чалкалап
Ишиңе так бол, жалкоолуктан тарт кол
Көөп баратсаң токтол, жаман жолдон сак бол
Жаратканга мактоо, Ата Эне барктоо
Бир тууганды сыйлоо, деген сыпатты сактоо
керек адам баласы, кээбирде таң каласың
Албетте жакшылар көп,а жок эмес башкасы
А сен өзүңдү үлгү катары алып жургун
Сүргүн өз өмүрүңдү башка түшпөсүн бир кун
Жакшылык кылып үлгүр, көбүрөөк сооп жаса
Эгер Кудайга шүгүр колуңдан келип жатса
Жардам берүү кайтар, дүйнө бул сооп дешет
Жакшылык сөзсүз кайтат, тагдырлар кесилишет!
Кайырма: