Асанкалый Керимбаев Мендеги ыйык махабат
00:03:20
Жүктөлгөн: 17-03-2011
03:20
2.94 Мб
Жанр:
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (8)
LIVER
2011-03-18 09:00:55
Журоктон чыккан ыр, журокко жетет деген чын. Кандай гана керемен ыр, мыкты аткарылган...
+4
general
2011-11-25 21:59:14
Азыркы ырчылар Асакемдин бир жерин жалай беришсе болот да..........
+2
davinchi
2011-12-20 23:18:22
Кандай укмуш ырлар. Журокко абдан жагымдуу!!!
+4
Aikala
2012-05-25 22:47:56
Жакшы ыр экен.
0
barsbeek
2012-06-26 10:21:52
Асанкалы агабыздай ырчы кылымда кездешетгоо кыргыз эли кыоым карыткан обондор
+3
Ibragim864
2014-07-24 12:41:30
Асанкалый агайдын мыкты чыгармаларынын бири,уккан сайын жан дуйнон эс алат.
+1
kubasel
2015-08-06 16:33:19
Азыркы ырларды бир угуп коп болсо он кун Эсте калат, а бул ырды бир уксан жуз жыл Эсте калат
+1
amanatym
2015-11-12 12:07:32
ушул ыры абдан жагат. Улуу талан кылымдар бою ырдала турган ырлар.Чындыгын айтыш керек азыркы убакта мындай обончулар жокко эсе.Жайы жанаттан болсун.
0
Асанкалый Керимбаев "Мендеги ыйык махабат"
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык аяр тумардай.
Көкүрөккө сыймык толуп караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.

Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай.
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таттуу сайрап элжиретип сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.

Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп,
Булбул сайрайт бутак сайын конушуп.
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер,
Унутпасмын кандай күндө жолуктук.

Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылып көөдөндөгү түнүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан