Асанкалый Керимбаев Бактылуу болгум келет махабаттан
00:04:22
Жүктөлгөн: 21-04-2011
04:22
4.01 Мб
Жанр:
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (12)
arlekino
2011-04-22 14:24:59
Эх тируу болгондо кандай дагы ырлар жаралат эле....
+3
MEN AND SEN
2011-08-05 16:12:52
Супер-Инфо сиздерден сураныч Асанкалый Керимбаевдин Сендей мага деген ырын Талант Сыдыков ырдаган версиясын киргизип койсонуздар.
0
RIELTOR
2011-09-12 17:03:50
Супер Инфо сиздерден сураныч?! Асанкалый Керимбаевдин "атама" деген ырын жуктоп койгулачы сураныч. Алдын ала рахмат.
0
MiranA
2011-09-12 17:51:22
RIELTOR,мынакей сиз сураган ырды жүктөп койдук. Угуп, ырахаттана бериңиз... http://www.super.kg/media/audio/51117/
0
meeri
2012-03-05 01:27:22
Супер инфо сиздерден сураныч!!! КОГУЧКОНУМ деген ырын дагы жуктоп коюнуздарчы.Алдын ала рахмат.
0
janetta
2012-03-13 01:06:48
Кандай укмуш-керемет ыр, соз жок!
+1
samatkgkg
2012-05-14 15:23:04
Мындай ырчыларды урматташ керек
+1
lampa
2012-05-22 22:03:21
sonun yr
+1
Batu12
2013-12-07 00:44:01
Салам супер. Ушул инсандын: айдады айкол волгасын, деген ырын киргизип койунуздарчы. Алдын ала рахмат.
0
Ibragim864
2014-08-25 17:46:40
Озуно копту окшотуп азап чектим...
0
ayluu_tun
2018-01-12 12:12:01
Дүйнөдө сенин барың эстегенде,
Көңүлдүн көп кайгысы унут калат.

Карачы э, кандай гана сонун саптар, эки сап менен далай нерсени алдын устун кылып жиберет го чиркин!
0
Zaki.79
2018-07-26 13:18:45
Айтчы алтын келер жагын кайсы тарап
0
Асанкалый Керимбаев "Бактылуу болгум келет махабаттан"
Сөзү : А. Өмүркановдуку
Обону : А. Керимбаевдики
Бактылуу болгум келет махабаттан,
Жүрөктө эс тартканы келе жаткан.
Аруу кыз менин жайдак тагдырыма,
Өзүңсүң өчпөс сүйүү отун жаккан.

Үмүттө ар күн сайын жолуң карап,
Жоодурап жолугууну самап, самап.
Өмүрүм өтүп жатат эңсөө менен,
Кымбатым, келээр жагың кайсы тарап?

Түшүмбү? Түшүм дагы сен жыттанат,
Күлкүмдүн изин көрсөң сага барат.
Дүйнөдө сенин барың эстегенде,
Көңүлдүн көп кайгысы унут калат.

Сени издеп жерди кездим, көлдү кечтим,
Өзүңө көптү окшотуп азап чектим.
Бактылуу болгум келет махабаттан,
Арылгыс ажайып бир нуруң төккүн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан