Элмира Кайып кызы Булбулум
00:04:19
Жүктөлгөн: 25-05-2011
04:19
3.96 Мб
Жанр:
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (26)
onika
2011-12-14 23:24:17
иии уну сонун да!
0
munarkul
2012-01-21 18:14:37
Эльмира эже сизге чоон рахмат жакшы ырдагансыз!
0
tamerlan
2012-03-09 23:45:20
Bulbulum iiiiiiiiyyyyyyyy
0
ainura220888
2012-04-27 04:08:41
ииииий сонун ырда
0
Tazash
2012-09-22 18:55:21
Мына ушуну ыр дейт
+1
alisam
2012-10-25 12:06:50
Бул ырды Элмира Кайып кызындай эч ким ырдай албайт!! Эргуу алып, мемиреп угасын тим эле..
+2
mamytoff
2014-06-22 01:34:01
alisam, Омарга айтып койюш керек кыйналба деп, комузга жарашыктуу ун менен ырдаш керек бул ырды
0
begim12
2013-07-20 18:28:31
созунда жуктоп койунуздарчы?
+1
muslim7
2015-01-17 23:51:39
Бали Элмира! Сенин унуно, менимче ички таза дуйноно дал келген чыгарма, ошондуктан булбулдай таншыдын карындашым. Сага да татыктуу ырлар жоктугунан буулугуп тургандайсын. ЭЭй акын-музыканттар кайдасынар...
0
ofcourse
2016-07-12 23:58:54
Соонун ыр
0
Gukush8993
2017-08-31 18:26:06
Унунуздон сиздин береке жаманы арабызда жоксуз жайыныз жаннаттан болсун
+1
Aijana121197
2017-08-31 23:01:46
Кандай керемет ун. Эх жаткан жери жайлуу болсун жакын туугандарына конул айтам
0
KG.Kushtarbek
2017-09-02 15:32:48
Жайы жаннаттын торунон болсун
0
Ctul08
2017-09-03 01:26:57
Жайы жаннаттан болсун
0
akkyzmild86
2017-09-06 10:01:47
Жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун!!! Аллахым сизге туболуктуу бейишти насип кылсын. Оомийин. Артынызда сизди эстеп булбулдай буулугуп турабыз эжекем. Кош эжекем!!!
0
AzKumFerDan
2019-09-24 20:09:07
Эжеее жаткан жайыныз жайлуу болсун.Сизди кыргыз Эли эч качан унутпайт .
0
Элмира Кайып кызы "Булбулум"
Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Булбулум, булбулум ай,
Буулуккан кургурум ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум ай?

Жаңшайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулугам булбулдай сени жоктоп,
Буйруксуз сүйүүмдү жектеп алып.

Кайырма:

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан