Саламат Мезгилдерге кайрылуу
00:04:56
Жүктөлгөн: 27-08-2012
04:56
4.51 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
ZAG
2012-08-28 14:17:22
Мааниси бар ыр!!!
0
inoplanetyanin
2013-08-01 15:23:10
super.kg, the dreamers tobunun da yrlaryn juktogulo4u
0
admin_media
2013-08-01 15:52:50
inoplanetyanin,
Саламатсызбы, аталган топтун ырлары биздин порталда бар)))
http://www.super.kg/media/?search_term=The+DREAMERS&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
Саламат "Мезгилдерге кайрылуу"
Сөзү : Жусуп Токомбаевдики
Обону : Саламаттыкы
Мезгилди өмүрлөргө салыштырам,
Шашкансып убакыттай өтүп жаткан.
Мезгилдер учуп кетет, кайра келбейт,
Кайрылбас өмүрлөрдөй бара жаткан.

Өмүрдү барган сайын мезгил чайкап,
Жарышта сүрөгөндөй алат айдап.
Мезгилден озу керек ошон үчүн,
Эмгектин ак ниеттүү шаңын кармап

Мезгилдер каркырадай учуп жаткан,
Ээрчишип алыс жакка сапар тарткан.
Жыл өтсө каркыралар кайтып келет,
Көрбөдүм өмүрлөрдү кайра кайткан.

Мезгилим өнүп өсүп такшалайын,
Мен өскөн кылымдарга кайрылайын,
Мезгилим ар бир саатың кымбат болсун,
Мезгилдин кучагынан барк алайын.

Жашоонун ачуу таттуу мезгили бар,
Тамшанткан жаш мезгилин - ал ширин бал.
Тоскоолго кез келгенде баш ийбестен,
Тике тур, жарып өткүн жалтанбастан.

Убакыт куштай учуп, суудай агат,
Мезгилим токтолбостон кетип барат.
Жалындап оттой ысык махабаттан,
Сезимдер алоолонуп күйүп-жанат.

Керемет жаш мезгилин кайталанбайт,
Эч бир жан ага кайра кайтып барбайт.
Жашоодо канча мезгил болсо дагы,
Артыкча жаш мезгилин унутулбайт.

Мезгилим өнүп өсүп такшалайын,
Мен өскөн кылымдарга кайрылайын.
Мезгилим ар бир саатың кымбат болсун,
Мезгилдин кучагынан барк алайын.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан