Бегимай Бекбоева Атама
00:04:17
Жүктөлгөн: 23-11-2012
04:17
3.91 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (3)
etaj_rus79
2015-01-02 13:12:11
жакшы чыгарма
0
bati1881
2015-02-13 00:57:20
ен сонун ыр клип рахмат !!!!!
0
etaj_rus79
2015-04-30 22:16:46
бул ырды атасынан айрылгандар жакшы мани берип угат мисалы мен атамы сагынганда дайым угамын
0
Бегимай Бекбоева "Атама"
Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш жал чабдар атчан.
Алыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.

Мүмкүн, сен болот элең,
Абышка аппак сакал.
Ызаттап, калк кадырлап,
Ар сөзүң болуп макал.

Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин, ай, жүрөктү өйүп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу, мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.

Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албайм.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан