Айнура Салахидинова Жар-жар
00:03:29
Жүктөлгөн: 16-02-2013
03:29
3.18 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (4)
sahara
2013-02-18 08:47:21
Уну жетпей калыптыр
-1
4aidai
2013-04-11 20:57:47
Jar jardy korungon yr4y yrdap jyryshot, bul moda bolup ketkenbi? ainuranyky jakty, jakshy yrdagan, azamat!
+3
kukolka
2015-07-15 11:42:36
Урматту супер инфо, ушул ырдын минусовкасын жуктой аласыздарбы?
0
admin_media
2015-07-15 11:50:59
kukolka,
Cаламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
0
Айнура Салахидинова "Жар-жар"
Сөзү : Жолочу Рысбаевдики
Обону : Адылжан Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур жар-жар.

Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз жар-жар.

Алтын ордо гүл бакча,
Калалуу бол жар-жар.
Артыңардан ээрчиткен,
Балалуу бол жар-жар.

Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн жар-жар.

Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң жар-жар.

Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун жар-жар.

Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн жар-жар.

Ак булуттан себилген,
Кар болгула жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула жар-жар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан