Тата Улан Ай жаңырып
00:04:32
Жүктөлгөн: 19-03-2013
04:32
10.35 Мб
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (16)
Bostery
2013-03-19 19:22:54
Эркек Бетинди эле ачып койсон жакшы болот эле
-5
amanat39
2013-03-20 02:26:21
prosto super!!!!!!!!!!!10++
+1
Alisher
2013-03-20 03:19:12
Tata Ulan kopton beri jurokton kutkon irdi jarattin en jaksi supppeer iygilik dagi da jani jani irlarindi kutup kalabiz......
+1
Ba-xa
2013-03-20 11:07:16
супер супер супер соз жок
0
dimka
2013-03-21 22:14:03
ырдын маанисине соз жок эн сонун
0
abas
2013-04-18 21:44:18

эн жакжы накта патриот ушунунан жазба
0
qwerty_no
2013-04-20 13:04:34
Достор, ырдын куусуно ссылка берип койгулачы, эгер билсенер......
0
shaitanmoskvalik
2013-06-03 12:36:56
сонун
0
bakai.96.kg
2013-08-06 21:43:42
Bostery 19.03.2013. 19:22
0
Эркек Бетинди эле ачып койсон жакшы болот эле

кыргыздын кыздары жоолук салып жузун жаап журбогондон кийин, биз эркектер жузубузду жаап журолу да.)))
+1
tokmok1
2013-08-27 15:18:44
суперкен
0
nurkojo
2013-09-01 06:13:44
мен суйунчу аттуу ырын таппай келем жардам бериип койсонуздар терен раазы болмокмуун
0
admin_media
2013-09-02 13:14:18
nurkojo,
Саламатсызбы! Ал ырдын аты "Жаз келди"
http://www.super.kg/media/audio/97313
0
kiborg
2013-11-22 03:56:06
бетин ачабы жабабы сага эмне
0
rozali9086
2014-02-05 00:30:10
Бир нанынды бир доллар.
кылып койдун замана.
сомду койуп долларга
жылып койдун замана

Бэшиктеги баланы
ойго салдын замана
бар тапканын кыргыздын
тойго салдын замана.

Озго жерге жугуртуп
ишдетирдин замана
баалусун карап айлыктын
издеттирдин замана

Байлар учун долларын
тыйын болду замана.
кара пайым дыйканга
кыйын болду замана.

Элдер чыгып митинге
жыйын болдузамана
0
rozali9086
2014-02-05 00:34:43
Бел байлашып иштейм деп
кыздар кетсе замана
денем муздап журогум
сыздап кетти замана.

Кулуп жургон Акаев
качып кетти замана
кийин келген Бакиев
ашып кетти замана.
ТАТА УЛАН эгер жакса ырдап корсон жакшы болот эле ЧЫЛЫМОВ БАКЫТБЕК
0
rozali9086
2014-02-05 00:40:39
Элдер чыгып митинге
жыйын болду замана
жакы башчы таба албай
кыйын болду замана
+2
Тата Улан "Ай жаңырып"
Асмандагы жылдыздар жалдыратып каратат,
Санын билбей каласың, саарда таң атат.
Зымылдаган өмүрүң кайда учуп баратат?
Кирип чыгып кетесиң бир ирмемден бат.

Эсте калган күндөрдөн кайсынысы кубантат?
Жан дүйнөңдү жылытып, жүздү жылмайтат.
Кейибегин өткөнгө, кекти сактап кепинге,
Кечиримдүү бололу, жүзүң нурланат.

Түйшүк түшсө башыңа үшкүрүнүп түңүлүп,
Тагдырыңа таарынып, үф дегенди кой.
Кара башың аманбы, тирүү жүргөн жаманбы?
Канча болуп кетсе да, шүгүр айтып кой.

Бул жашоонун маңызын бир сөз менен камтысам,
Түшүнө алсаң жүрөктөн, келтиргин тобо.
Жаратканым жаратып, жерге баарын жайылтып
Бизге койгон талабы, болгону сыноо.

Кайырма:
Ай жаңырып, таң агарып,
Күндөрүң өтүп барат артта калып.
Ай жаңырып, таң агарып,
Жашоонун тегирмени чаң чыгарып.

Жаратканым төбөдө, жети кабат өйдөдө,
Биздин сүргөн жашоону асмандан карап.
Билбей калды дебегин, сенин бардыр керегиң,
Ошон үчүн карегиң күн көрүп турат.

Бийлик үчүн жулунсаң, байлык үчүн жутунсаң,
Элге кызмат кылсын деп буйруптур сага.
Кылганыңды жактаба, кыйраттым деп мактанба,
Ар бир кылган ишиңди Кудайга арна.

Жалган дүйнө жаңылтып кооздугуна азгыртат,
Түбөлүккө калчудай чөнтөгүң калат.
Байлык, бийлик жоголуп, өмүр жиби үзүлүп,
Сени менен кабырга соопторуң барат.

Бул жашоонун маңызын бир сөз менен камтысам,
Түшүнө алсаң жүрөктөн келтиргин тобо.
Жаратканым жаратып, жерге баарын жайылтып,
Бизге койгон талабы, болгону сыноо.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан