Бегимай Бекбоева Сүйүү санаты
00:04:56
Жүктөлгөн: 27-08-2013
04:56
4.52 Мб
Жанр: Поп
АТКАРУУЧУНУН БАШКА АУДИОКЛИПТЕРИ
Комментарийлер (2)
luna.kg
2013-09-04 16:26:22
Жакты.
0
nuishka
2013-09-05 03:54:04
соооонун))
0
Бегимай Бекбоева "Сүйүү санаты"
Кайырма:
Жаз келгенде дайра ташып жаңырып,
Жер жамалы жашылданат, көгөрөт.
Жыгачтардын бүчүрлөрү жарылып,
Жибек канат жалбырактар төрөлөт.
Күн күркүрөйт, чагылгандар чартылдайт,
Карагайлар чатырлантат канатын.
Көз алдымда көк да, жер да жаркылдайт,
Кел ошондо, ырдайм сүйүү санатын.

Сүйүү дебе, карай берем жалдырап,
Себеби бар жалдыроонун сыр каткан.
Жүрөккө окшоп турса дагы жалбырак,
Жүрөк эмес, эки ашыкты ырдаткан,
Эки ашыкты ырдаткан.

Кайырма:

Сүйүү дебе, карай берсе жалооруп,
Себеби бар жалооруунун чынында, чынында.
Жүрсө мейли бир кубанып, миң ооруп,
Өмүр сүргөн күндө жазган ырымда.

Кайырма:

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан