Бүгүн, 19-февралда өкмөт үйүндө ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтеген комиссиянын жыйынында шаардыктарды 5 күн үшүткөн ЖЭБдеги авария боюнча кимдерге кандай жаза берүү керектиги сунушталды.
ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевге, анын орун басары Нурлан Садыковго, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго, "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору Узак Кыдырбаев менен коопсуздук техникасы жана ишенимдүүлүк кызматынын жетекчиси Сергей Абдулхаировго, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш берүү сунушталганын биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев айтты.
Андан тышкары "Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков, гидротехникалык кызматтын башчысы Кубанычбек Манкиев, эксплуатация жана жылуулук техникасынын жабдууларын оңдоо кызматынын жетекчиси Урмат Мамбетовду ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды. Буга чейин "Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоев кызматынан алынган болчу. Ошондой эле техникалык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сергей Абдулхаировго сөгүш берүү сунушталды.
Ал эми ЖЭБдеги кызматкерлерге кандай чара көрүү сунушталганын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Канатбек Муратбеков айтты. Ага ылайык ЖЭБде эмгектенген төмөнкү кызматкерлерди жумуштан бошотуу сунушталды.
1. Нурлан Өмүркул уулу, Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы (ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулган - ред.);
2. Нургазы Курманбеков, башкы инженер;
3. Алтынбек Айтикеев, директордун орун басары;
4. Юрий Календарев, башкы инженердин эксплуатация боюнча орун басары;
5. Калыс Жаманкулов, нөөмөт станциясынын башчысы;
6. Даркүл Жаңыбаева, химиялык цехтин башчысы;
7. Татьяна Бородина, химиялык цехтин башчысынын орун басары;
8. Надежда Цапенко, химиялык цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
Ал эми төмөнкү кызматкерлерге "сөгүш берилсин" деген чара көрүү сунушталды:
1. Евгений Гавриленко, от казандар цехинин башчысы;
2. Вячеслав Николайченко, от казандар цехинин башчысынын орун басары;
3. Евгений Великанов, турбиналык цехтин башчысы;
4. Мирбек Жаманкулов, нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;
5. Тамара Баталиева, химиялык цехтин кызматкери;
6. Павел Иконников, техникалык коопсуздук кызматынын башчысы;
7. Алексей Шлопак, башкы инженердин орун басары.
Бул тизме мекемелер аралык комиссиянын жумушунун жыйынтыгы боюнча берилди. Анын чечимине ылайык, тиешелүү чаралар көрүлүшү үчүн чечимдин долбоору өкмөт башчысынын кароосуна киргизилет.