"Өлүп калбаймынбы" деп чак-чалекейге түшпөгүлө". Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү пневмония тууралуу кенен маалымат берди

"Өлүп калбаймынбы" деп чак-чалекейге түшпөгүлө". Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова пневмония тууралуу кенен маалымат берип жатып билдирди.

"Бүгүнкү күнгө дейре пневмония боюнча көп суроолор түшүп жатат. Статистика жүргүзүлүүдө. Март айынан бери 3 миң 695 адам пневмония илдетине кабылган, анын ичинен 268 киши каза болгон, ал эми 1 миң 907 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.



Пневмония же өпкөнүн сезгениши - бул өпкөгө инфекция киргенинен улам келип чыккан оору. Өпкө суюктукка же ириңге толуп, какырык менен коштолгон жөтөлдү, чанда кан кусууну, дене табынын көтөрүлүшүн, чыйрыгууну, дем алуунун кысылуусун козгойт. Пневмонияны түрдүү микроорганизмдер жаратат. Бул бактериялар же вирустар болушу мүмкүн. Бул оору балдарга, 60 жаштан улуу кары-картаңдарга, иммунитети алсыз болгон жана жүрөгү оорулуу адамдарга кооптуу.

Эң көп жайылган түрү бул - аба аркылуу жугушу. Бактериялар же вирустар өпкөгө кирген соң, негизинен адамдын иммунитети аны басып өлтүрүшү керек, микроорганизмдердин андан ары жугузуусун токтотот. Бирок бул микроорганизмдердин адамдын иммунитетин тоготпой коюуга жөндөмү бар, адамдын ден соолугу жакшы болсо да ал бактериялар же вирустар өлбөшү мүмкүн. Ошондуктан да өнөкөт оорусу барлар пневмонияны оор көтөрүп жатышат.

Пневмониянын дагы бир белгилери бул - көкүрөктө, далыда оорунун пайда болушу. Кандагы кычкылтектин көрсөткүчү да маанилүү, ал 93 пайыздан кем болбошу шарт. Жеңил жана орто пневмонияны ооруканага караганда, үйдө дарыгердин көзөмөлүндө дарылоо жакшы. Эң башкысы - бейтаптын абалын карап туруу жана ооруканага кайрылуу керек болгон учурду өткөрүп жибербөө кажет. Бейтап энтигип, тез-тез дем ала баштаса, кооптонуу керек. Бирок дүрбөлөңгө түшпөгүлө, бул өтө маанилүү. Адам чак-чалекейге түшкөндө "өлүп калбаймынбы" деп коркуу менен адамдын деми ого бетер кысыла баштайт.

Пневмония болуп калган учурда антибиотиктерди бир гана дарыгердин жазып бергени боюнча кабыл алуу керек. Химиялык аралаштырмалар менен ойнобогула. Дене табы 37 же 38 градустан көтөрүлгөн учурда парацетамол жана аспириндин төрттөн бир бөлүгүн күнүнө 3-4 жолу кабыл алууга болот. Анан акыркы күндөрү көп айтылып жаткан дексаметазонго токтоло кетсем. Бул башка дарылардын таасири тийбей калган учурда дайындала турган гормоналдык препарат. Ал заматта иммундук системди түшүрүүгө алып келет. Абалды ого бетер курчутуп жибериши ыктымал.



Пневмония болбоо үчүн бат-баттан колду жууп туруу, антисептикалык каражаттарды колдонуу, спорт менен машыгуу, белокко жана витаминге бай азыктар менен тамактануу керек. Макарон жана башка ун азыктарынан турган тамактан баш тарткан оң. Өнөкөт ооруларды убагында дарылоо зарыл. Өпкө үчүн дем алууга багытталган гимнастика да пайдалуу.

Коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган учурда адегенде адамдын дене табы жогорулап, тамагы кычышып, кургак жөтөлүп, андан кийин даам жана жыт сезүү жоголуп, баш ооруп, жүрөгү айланып, алы кете баштаган белгилери болот. Оору курчуган учурда жүрөктүн согуусу тездеп, кусуп, тердеп, дем кысылып баштайт. Мындайда 118 же 103 номуруна "Тез жардам" кызматына чалуу керек. Ооруканага жатууга аракет жасоо зарыл", - деди Айнура Акматова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, министрлик тарабынан пневмония менен ооруп жаткандарга 2 миң 258 орун даярдалган, анын ичинен 2098 оруну ээленген. Азыркы тапка карата пневмониядан жабыркаган бейтаптар үчүн 201 бош орун бар.

Пневмония бул кандай оору, ал жугабы, кантип дарылоо керек? Кенен маалымат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
karakyz23
2020-07-08 18:03:49
Ииий жакшы маалымат. Бирок кандагы кычкылтекти кандай аппарат менен ченейт
+1
kechirmeni
2020-07-09 15:43:28
karakyz23, ассаламу алейкум. Пульсоксиметр деген аппарат болот
0
elyadayan
2020-07-08 18:23:39
Азыркы тапта имунитетти которуш керек экен да ,биздин болгон курал ошол . Мен сиздерге черный тминди сунуштайт элем менин практикамда ушул черный тмин менен коптор ,ар кандай оорулардан айыгышты . Жана да куран китепте жазылып кеткен , ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САЛАМ САЛАВАТТАР БОЛСУН) да кара зирени сунуштап кеткен , олумдун башкасынан баарысына дабаа,шыфаа деп
+2
Krai
2020-07-08 18:51:22
Ии Кудай ай ушул илдетти уккандан бери эле аябай кыжаалат болуп атам. Пневмония оорусуна кантип каерден анализ тапшырсак болот жана канча турат баасы билгендер айтып койгулачы сураныч 2 күндөн бери уйку жок өтө тынчсызданып жатам паникаага алдырып койдумбу билбейм температура жок жөтөл жок чучкуруу жок демим кысылгансып кетет кудай сактасын
0
karakyz23
2020-07-08 22:15:20
Krai,паника өтө жаман нерсе. Самовнушение дагы аябай жаман.
+2
daniel87
2020-07-10 01:10:06
Krai,озунузго келиниз,паникага алдырбаныз,озунузду токтото албай,ооруп кадгандай болуп эле шок тушуп жатсаныз, аптекадан барып Глицерин, валериянка тынчтандыруучу арзан жана коопсуз дары сатып алыныз.
+1
Krai
2020-07-10 11:44:59
daniel87, рахмат кенешинизге
0
Aituwas
2020-07-09 00:45:59
Мен да паника,самовнушение болуп жатам...айтор тушунуксузмун
+1
daniel87
2020-07-10 01:11:13
Aituwas,глицирин жана вплериянка арзан жана коопсуз ушуларды колдонунуз, паникага тушпонуз, интернеттен оолак болуп, китеп окунуз, гимнастика жасаныз, эшигинизди шыпырыныз,
+1
Puper-pup
2020-07-09 10:38:59
118 чалсан уч кун кут эчтеке ичпе,температура тушпосо дагы чал келип текшеребиз дейт экен. Анан кантип адамдар олбойт? Больницага албайт таанышсыз,ошодон эле өлүп жатат элдер.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан