Канада олимпиада комитети (КОК) жана Канада паралимпиада комитети (КПК) "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарын кийинки жылга калтырууну суранып, Эл аралык олимпиада комитетине (ЭОК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"КОК жана КПК олимпиаданы кийинки жылга калтырууну суранат. Биз олимпиаданы кийинки жылга калтырууда жаралган бардык көйгөйгө жардам бергенге даярбыз. Дүйнөлүк коомчулуктун, спортчулардын коопсуздугу жана саламаттыгы баарынан жогору турат.
Биз олимпиада быйыл өтө турган болсо, спортчуларыбызды олимпиадага жибере албайбыз. Азыркы учурда коронавирус оорусун жайылтпоо биздин негизги максатыбыз", - деп жазып калтырган.
Буга чейин ЭОКтун президенти Томас Бах олимпиаданын маселеси жакынкы 4 аптада чечилерин билдирген.