Июнь айында жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова бир канча күндөн бери социалдык тармактагы баракчасында активдүүлүгүн көрсөтүп, ар кандай темадагы билдирүүлөрдү калтырууда. Ырчынын Инстаграм баракчасындагы соңку билдирүүсүндө башынан өткөн айрым окуяларды, жагдайларды эстей албай жатканы, эс-тутумунун калыбына келиши үчүн мурдагы сүрөттөрдү кайрадан жүктөгөнү айтылган.
"Үй-бүлө мүчөлөрүмдүн сүрөттөрүн жүктөп жатканымды түшүндүрө кетейин. Эс-тутумум жоголуп кетти. Жакынкы убакыттан бери калыбына келе баштады. Бирок айрым учурлар, анын ичинде үлпөт той дагы эсимде жок. Эстей албай жатам. Дарыгерлер убакыт керек дешти. Инстаграм, өзгөчө сүрөттөр эс-тутумду сергитет. Жакындарымдын сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турууну чечтим", - деп айтылат билдирүүдө.
Окурмандардын көбү Асел Кадырбековага эс-тутумунун эртерээк калыбына келишин каалап, комментарий калтырышты. Ырчынын күйөрмандары калтырган айрым комментарийлерин сунуштайбыз.
Окуянын чоо-жайы:
26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.
Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.