10-апрелде Бишкектин айрым аймактарында саат 10:00дөн 24:00гө чейин таза суу берилбейт. Бул жарыяны борбордун муниципалдык кызматы таратты.
Мындай чечим «Батыш» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу кабыл алынган. Ага ылайык, төмөнкү даректерде суу берилбейт:
- Алыкулов көчөсү - Кустанай көчөсү - БЧК - Ала-Арча суусу - Рыскулов көчөсү (пр. Д. Сяопин) — Интергельпо — темир жол линиясы;
- (Пригородное) Юбилейная көчөсү - Горький көчөсү - Садовая көчөсү (Пригородное) - БЧК;
- Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер конушу, 110-квартал, Достук кичи району.
“Бишкек суу канал” ишканасы мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.