Москвадагы мигранттардын окуясы боюнча башкы прокурор үн катты

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Бактыбек Марипов Орусияда кыргыз мигранттарына кысым болуп жатканын айтты.

"Орусиядагы биздин мигранттарга аябай кысым болуп жатат. Бизге көптөгөн жарандар кайрылууда. Фактылар менен маалыматтарды бөлүшүп жатышат. Ошол жактагы мигранттардын укугун ким коргойт?" - деген депутат башкы прокурор Максат Асаналиевге кайрылды.

Асаналиев бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги нота жөнөткөнүн белгиледи.

"Москвадагы окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги өзүнүн нотасын берди. Андан сырткары эгер биздин жараныбыздын укуктары бузулуп, тепселенип жатса, кайрылуу болсо, биз сөзсүз түрдө чара көрөбүз.

Былтыр күз айларында ушул маселе менен Орусиянын башкы прокурору, Юстиция министри, Жогорку Соттун өкүлдөрү менен кезигип, сүйлөшүп келгенбиз. Эч кандай түшүнүксүз мындай маселелер жок. Бизге кандай кайрылуу болбосун өз жараныбызды коргошубуз керек", - деди Асаналиев.

Ошондой эле ал бул боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар тараган. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.

Кыргызстандын Эмгек министрлиги 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык коё берилгенин, калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

15.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан