Бишкекте онлайн казинолорду жана веб-сайттарды уюштуруп, жайылткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери дебеттик карталарды сатып алып, мобилдик тиркеме аркылуу онлайн казиного кирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн, Телеграм каналы аркылуу сатып алган, жарандардын наамына катталган электрондук капчыктар аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүп жүргөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматтарды аныкташкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесине (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн притонду уюштуруу же кармоо, кумар оюндарын өткөрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Натыйжада кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Б.Э., 2004-жылы туулган Н.К. жана Р.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тинтүү учурунда алардын жанынан 66 банктык карта, 30 уюлдук телефондор, 4 ноутбук жана 45 колдонулган СИМ-карта табылгандыгы маалыматта кошумчаланган.