Бүгүн “Ата-Бейит” комплексинде Сталиндик репрессиянын курмандыктары жана Апрель окуяларында көз жумган мекендештерибиз эскерилди

Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык музей-комплексинде Сталиндик репрессиянын курмандыктары жана 2010-жылкы Апрель окуяларында көз жумган мекендештерибиз эскерилди. Митинг-реквиемге курман болгондордун жакындары, коомдук ишмерлер, шаар жетекчилиги катышты. Бишкектин мэри Иса Өмүркулов үстүбүздөгү жылы аталарыбыздын атылып, бул жерге көмүлгөнүнө 74 жыл болгонун айтып, алардын эл үчүн, мекен үчүн жасаган иштери эч убакта унутулбаш керек экенин баса белгилеп өттү. Андан соң “Ата-Бейитке” коюлган мекендештерибиздин эстеликтерине гүлчамбарлар коюлду. Иш-чаранын уюштуруучулары “Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фонду “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде тазалоо иштерин да жүргүзүшөрүн билдиришти.   
Сталиндик репрессиянын жана апрель окуясынын курмандыктары эскерилди...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан