Израил Иранга жана анын өзөктүк объекттерине каршы операцияга даярдыкты 2010-жылы баштаган. Бул тууралуу The Times басылмасы жазып чыкты.
Басылма Израил Ирандын өзөктүк инфраструктурасына каршы кеңири масштабдуу операцияга 2010-жылдан бери даярданып келгенин жазды.
Маалыматка ылайык, Израилдин чалгындоо кызматы «Моссад» Ирандагы агенттери аркылуу өлкөнүн өзөктүк программасынын өнүгүшүн үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турган. Аларда жер алдындагы объекттер, энергия менен камсыздоо инфраструктурасы, желдетүү системалары тууралуу так маалыматтар болгон.
Израил тарап Ирандын 2024-жылдын аягында ядролук курал даярдоо стадиясына өткөндүгү тууралуу билген.
Натыйжада 13-июнда Израил Иранга каршы ири аскердик операцияны баштаган. Анын алкагында соккулар өзөктүк объекттерге, аскердик базаларга жана командалык курамга багытталган. Бул операция Иран менен Израил ортосундагы чыңалууну жаңы деңгээлге алып чыкты.
Азыркы тапта дүйнө коомчулугу бул кырдаалды жакындан көзөмөлдөп турууда.