Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-февралда Канаданын Кыргызстандагы элчиси Шон Стайл менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди арттыруу жаатында пикир алышты.
Текебаев элчинин иши өлкөлөр ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берерине ишенерин билдирди. “Биздин өлкө парламенттик демократия жолуна түшкөндүктөн, демократиялык принциптерди бекем карманабыз”,- деген депутат шайлоо процессин ачык-айкын өткөрүүгө багытталган өлкөнүн шайлоо системин реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Стайл канадалык тараптын Кыргызстан менен мамилесин бекемдөө үчүн кыргыз парламентинин бир катар депутаттары менен жолугушууларды өткөрүп жатканын билдирди.