Чүйдө 2 жаштагы баланын катуу сабалып, зордукталганы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары келерки аптада сотко жиберилет. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Нургүл Нусупова билдирди.
"Бул окуя боюнча тергөө амалдары Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Иликтөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Учурда сексуалдык мүнөздөгү зордуктоо аракеттери боюнча айып тагуу үчүн материалдар иштелүүдө. Тергөө амалдары аяктап калды, ушул айдын соңунда материалдар сотко өткөрүлүп берилмекчи",- дейт Н.Нусупова.