
Эртең, 26-июнда, өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаап, шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27...+32, Талас жергесинде+26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +30...+35, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градуска жетет.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +29…+31 градус болсо, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.