Бүгүн, 25-июнда Кант шаарында "Мен чемпион" спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин биринчи төрагасы Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Эске салсак, мелдеш аймактык спорт мектептеринин өспүрүмдөр жана жаштар арасында өтүп, 30-июнга чейин уланат.
Спорттук оюндардын алкагында грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү, ,"Алыш" бел боо күрөшү, кыргыз күрөшү, бокс, оор атлетика, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, дзюдо, баскетбол, футбол жана волейбол боюнча мелдештер өтөт.