Бишкек шаарында уурулукка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар кечээ эртең менен анын үйүнө кирип, зер буюмдары салынган сейфин уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы аял кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.