Ооганстандын Панджшер провинциясында (түндүк-чыгышында) эки күн бою катуу жааган кардын кесепетинен 25-февраль күнү бир нече айылга кар көчкү түшүп, 100 адам каза тапты. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көңүл айтты.
Маалыматка ылайык, көчкүнүн астында калып каза тапкандардан сырткары жабыркагандар да бар. Учурда кырсык болгон жерде жергиликтүү куткаруу кызматтары жана Кызыл Жарым Ай коомунун бригадасы аман калгандарды куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
Айта кетсек, мындан 5 жыл мурун Ооганстандагы стратегиялык Саланг өтмөгүндө кар көчкү түшүп, 170тей адам каза тапкан.