Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. мектепке 40 тонна көмүр алып келүү боюнча жеке ишкер Т.А. менен жалпы баасы 220 миң сомго келишим түзгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө Т.А. айыл өкмөт башчысынын баласы экени аныкталган. Мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер жакын туугандары менен алып-сатуу иштерин жүргүзө албайт. Ошондой эле сапатсыз көмүрдү жогорулатылган баада сатуу фактысы да аныкталган. Учурда жогорудагылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.