Бүгүн, 4-мартта парламент баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча түзүмдүн кызматкерине кылмышка шектүү адамды текшерүүгө укук берүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Бул документке ылайык, баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча түзүмдүн кызматкерине, эгерде укук бузууга же кылмышка шектенүүгө жетиштүү негиздер бар болсо, жеке адамды текшерүүгө, кол жүктөрүн, багажды жана унаасын текшерүүгө, протоколдорду түзүүгө, буюмдарды жана документтерди алып коюуга укук берүү жагы каралууда.