Бишкектеги Юридикалык академиянын студенттери парламент депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко менен Тынчтык Шайназаров 4-мартта парламентте Юридикалык академиянын студенттери менен жолугушуп, мыйзам чыгаруу тармагы боюнча пикир алышты.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Наталья Никитенко парламенттин иши менен таанышуусу студенттерге пайдалуу болорун айтты. "Силер юристтик кесипке ээ болуп, жалаң ченемдик-укуктук актыларынын негизинде иш жүргүзөсүңөр. Ошондуктан азыртан мыйзамдардын жол-жоболору тууралуу маалымдар болушуңар талапка ылайык келет",- дейт депутат.

Шайназаров мыйзам чыгаруу тартиби менен техникалары, юридикалык адистиктин башка кесиптерден өзгөчөлүгү тууралуу пикирин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан