Троллейбустагы суу куюлган чака, унаа тазалоочу шаймандар жүргүнчүлөрдүн көңүлүн бурууда

Бишкектеги №11-троллейбуста отургучтун астындагы чака, унаа жылган сайын андагы челкилдеген суу төгүлүп турганы байкалды. Шаарыбыздагы жолдор түз эмес экенин эске алып, жыйынтыгын оңой болжоого болот: суу аз-аздан төгүлүп, ошол отургучка отурган жүргүнчүнү да кайра турууга мажбур кылат. Отургучтун жанында швабра жана заманбап шыпыргы турганынан улам бул троллейбустун ичиндеги тазалыкка жооптуу адамдарга таандык шаймандар экенин байкоого болот. Бул маселени айтып кайрылганыбызда Шаардык троллейбус башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкери мунун туура эмес экенин айтып, кайсы маршрут экенин, унаанын номерин сурап калды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nur45
2015-03-04 19:37:29
Ошону да чукуп жатасынарбы? Силер айдоочунун ойун тушунбоптурсунор бул нерсе депутатарга жетсин дегени, жолдорду ондосун дегени да.
+1
karona
2015-03-04 20:22:43
Бул челектеги суу башка максатта да колдонулат. Айдоочунун кандай денгээлде айдаганын билуу учун.
-1
Pantherka
2015-03-05 11:52:52
))))кызык эле адамсынар да
0
bema_bema
2015-03-05 13:34:31
Ак мээнет менен керелин кечке иштеген адамдарга асылбай,жеп жутаарлардыкын чукусар боло

Жаман нерсеси деле жок экен
0
zhykyo
2015-03-05 14:03:44
Аны коюп, Ала-Тоо аянтындагы желек кайтарган солдаттардын алдындагы килемди алмаштырып коюшса болмок. Килемдин эскилиги 20 жылдан ашкандай. Канча деген туристтер, шаарыбызга келген коноктордун баардыгы коруп жатат. Уят да!
0
JUROK
2015-03-05 16:46:34
Муну жон эле койбопсунар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан