Япония берчү гемодиализ аппараттары боюнча өкмөт иштебей жатканын айтышты депутаттар

Бүгүн, 5-мартта парламентте депутат Эсенгул Исаков Япония Кыргыз Республикасына берчү 10 гемодиализ аппараты боюнча өкмөттөн иш жүргүзүүнү суранды. "Япония бул аппараттарды өз каражатына алып келүүгө даяр. Бирок биздин өкмөт бул багытта эч нерсе жасабай жатат. Бир аппарат менен 3 бейтапка жардам берсе болот. Гемодиализге муктаж жарандарыбыз көп, алардын көбү кезек күтүп турушат. Бул аппараттар аларга жакшы кызмат көрсөтмөкчү",- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан