Баткен облусунун Лейлек районунда “Кыргызнефтегаз” ишканасы 1 жылда 16 миң тонна мунай өндүрөт. Бирок тиешелүү салыктар ошол жерге калтырылбай жатат. Бул тууралуу депутат Назарали Арипов 5-мартта парламент жыйынында билдирди. Аймактагы Кайрагач айылынын тургундары мектеп куруп берүүнү суранып жатышканын айтып, өкмөт башчы ишканадан түшкөн салыктардын эсебинен мектеп куруп берүү боюнча убада бергенин эске салды. Арипов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүн бул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Депутат парламенттин Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кабыл алган токтомуна ылайык, бөлүнө турган каражаттардын кандайча жумшалары боюнча да маалымат берүүнү талап кылды.