КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев 4-март күнү Чүй облусунун Жайыл районунун дыйкандарын колдоо максатында Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын алдында өткөрүлгөн көргөзмөдө болду. Көргөзмөнүн максаты - жазгы талаа иштерине дыйкандарды даярдоо.
Министрликтен маалымдашкандай, администрация тарабынан көргөзмөгө техникалардын түрү, кылкандуу жана кылкансыз дан эгиндери, жашылча-жемиштер, органикалык жана химиялык жер семирткичтер коюлду. Иш-чарага дыйкандар үчүн насыя бере турган банктардын өкүлдөрү да күбө болушту.