Кыргыз жеринде аялдарды жана өспүрүмдөрдү мунапыс аркылуу абактан бошотуу демилгеленүүдө

Бүгүн, 5-мартта парламентте депутаттар аялдарды жана өспүрүмдөрдү мунапыс аркылуу абактан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулашууда. Демилгечи депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, долбоор менен өтө оор кылмыш кылбаган 901 адамды (827си аял, 74ү жашы жете элек жарандар) абактан бошотуу пландалууда. "Алгачкы жолу кылмыш жасаган, аларга 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалган адамдарга карата мунапыс колдонуу зарылдыгын көрүп жатабыз. Мындан тышкары бир же андан ашык жаш балдары бар аялдарга же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган балдарга, ошондой эле көп балалуу энелерге жана башка ушул сыяктуу категориядагы жарандарга мунапыс колдонуу каралат",- деди Осмонов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан